“КӨЧМӨН СИТИ 2” ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

“КӨЧМӨН СИТИ 2” ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ02:53

Download information and video details for “КӨЧМӨН СИТИ 2” ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

Uploader:

ЭлТР Маалымат

Published at:

8/24/2025

Views:

9

Description:

Учурда Кыргыз Республикасында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жарандарды турак жай менен камсыз кылуу иштери жигердүү жүрүп жатат. Бул багытта бир катар ири долбоорлор ишке ашууда. Бүгүн ошол долбоорлордун бири — “Көчмөн сити 2” турак жай комплексинин курулушуна Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев расмий түрдө старт берди. Бул жаңы комплекс муктаж жарандар үчүн арналган. Долбоор толук бүткөн соң, 1960 батирди камтыган 20 блок үй пайдаланууга берилет. Ар бир блок 20 кабаттан жогору курулуп, ар бир кабатта 5 батир жайгашат, бул болсо жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот. Комплекс өз ичине балдар бакчасын жана мектепти, спорт аянтчасын, жер алдындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайын жана отканасын камтыйт. “Көчмөн сити 2” комплекси — бул жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган, өлкө башчысынын демилгеси менен ишке ашып жаткан ири социалдык долбоорлордун бири. Анын ишке ашышы менен жүздөгөн үй-бүлөлөр өз турак жайына ээ болуп, заманбап жана коопсуз чөйрөдө жашоого мүмкүнчүлүк алышат.